Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолушуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы пикирлерин ортого салышты.
Маматалиев Европа биримдигине кирген бардык өлкөлөр менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири экенин белгиледи.
"Биз эки тараптуу жана аймактык форматтардагы активдүү диалогду улантууга кызыкдарбыз. Айрыкча, билим берүү тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү жана транспорттук байланыштарды чыңдоо жаатындагы өнөктөштүккө өзгөчө көңүл бурабыз", – деди ал.
Ошондой эле төрага Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосунда да тыгыз байланыштар калыптанганын кошумчалады.
"Өзгөчө Парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин алкагындагы алакалар жигердүү улантылып, эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп келет. Алсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаарында аталган комитеттин 18-жыйыны ийгиликтүү өтүп, ал эми мартта Самарканд шаарында "Борбор Азия – Европа биримдиги" биринчи парламенттер аралык форуму да уюштурулду. Биз өнөктөштүктү дагы тереңдетип, мындай жолугушууларды ырааттуу өткөрүшүбүз кажет", – деди ал.
Андан тышкары, президент Садыр Жапаровдун эки жыл мурун Европадагы иш сапары учурунда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлганын эске салган Марлен Маматалиев, аталган макулдашууну Европа мамлекеттеринин улуттук парламенттери тез арада ратификациялап берүүсүн өтүндү.
Өз кезегинде өкүлчүлүктүн башчысы Реми Дюфло Кыргызстан Европа биримдигинин Борбор Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, жетишилген келишимдердин жана макулдашуулардын алкагында өнөктөштүктү өрчүтүүгө ынтызар экендигин кошумчалады.
Жолугушууда эмгек мигранттарына жана айрым санкциялык жагдайларга байланышкан маселелер да талкууланды.