Кыргызстан Евразияда соода жана логистикалык хабга айланууну көздөйт

Экономика 365 26 Июнь 2026 15:25
729942484_18097368233343965_805369240739694671_n.jpg
730004941_18097368263343965_3505330284768324926_n.jpg
730270528_18097368290343965_151882031533220359_n.jpg
730481113_18097368239343965_5284805070799386723_n.jpg
730584779_18097368245343965_999670811695757033_n.jpg
730653563_18097368272343965_4001107901326358313_n.jpg
730695678_18097368197343965_9067164447731543058_n.jpg
730763189_18097368281343965_676511560699588876_n.jpg
730779686_18097368260343965_5921247653144750447_n.jpg
731483015_18097368230343965_7930930487787872937_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес-форумунун алкагында өткөн "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара банктын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган жана Алматы шаарында өткөн ЕӨБдүн жылдык жыйынынын офлайн форматтагы ишинин уландысы болду.

Бакыт Сыдыков өз сөзүндө Кыргызстан "Евразия 2030+" күн тартибин ишке ашырууга жогорку макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен кирип жатканын белгиледи. 2021-2025-жылдары өлкөнүн ИДПсынын орточо жылдык өсүшү 9,2%ды түзсө, 2026-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча экономика 12,2%га өстү.

Министр Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жыл сайын кеминде 8% деңгээлде туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууну карай турганын баса белгиледи.

"Биздин башкы милдетибиз – жетишилген өнүгүү темптерин сактап, 2030-жылга чейин жыл сайын кеминде 8% деңгээлде туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу", – деди ал.

Негизги багыттар катары индустриалдаштыруу, Кыргызстанды соода, логистика жана транзит багытындагы регионалдык хаб катары өнүктүрүү, айыл чарбасын жана туризмди тездетип өнүктүрүү, ошондой эле жашыл энергетиканын потенциалын ачуу белгиленди.

Сыдыков коюлган максаттарга жетүү үчүн олуттуу инвестициялык ресурстар жана узак мөөнөттүү каржылоонун натыйжалуу механизмдери талап кылынарын белгиледи. Ушуга байланыштуу Евразия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык өнүктүрүү институттарынын түзүмдүк өзгөрүүлөргө жана региондук интеграцияга көмөктөшкөн өнөктөштөр катары ролу жогорулоодо.

Жыйынтыгында министр улуттук өнүгүү программаларын, ЕАЭБдин интеграциялык механизмдерин жана ЕӨБдүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү Евразия аймагында 2030-жылга чейин жана узак мөөнөттүү келечекте сапаттуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.