Кыргызстан экономикасы өнүгүүнүн ишенимдүү темпин сактоодо – ЕӨБ

Экономика Загрузка... 24 Март 2026 12:40
dollar-2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,8%га өстү. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макро талдоосунда келтирилген.

“Өнөр жай тармагындагы өндүрүштүн 14,7%га чейин ылдамдашы экономиканын өнүгүүсүнө түрткү берди. Бул негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүн 11,1%га жогорулатуу жана металл кендерин казып алуунун 1,8 эсеге көбөйүшү менен байланыштуу. Ички суроо-талап өсүштүн негизин түзүүнү улантууда: дүң жана чекене соода 11,4%га, инвестициялар 8,4%га өстү”, - деп белгилейт Евразия өнүктүрүү банкы.

Эксперттердин болжолу боюнча 2026-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 9,3% деңгээлинде болушу күтүлүүдө.