ЕӨБ – 20 жыл: Кыргызстан атайын почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды

Экономика 446 26 Июнь 2026 16:10
730530300_1031276376011443_8748171492546221061_n.jpg
730689247_1012690201461697_2190442014160423929_n.jpg
731808676_1628762784852385_8162837413826522423_n.jpg
731948395_1353248013412048_6496918552042430089_n.jpg
Алдыга
Артка
730530300_1031276376011443_8748171492546221061_n.jpg
730689247_1012690201461697_2190442014160423929_n.jpg
731808676_1628762784852385_8162837413826522423_n.jpg
731948395_1353248013412048_6496918552042430089_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 20 жылдыгына арналган атайын почта маркасын жүгүртүүгө чыгарды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, марканын биринчи нускасына салтанаттуу түрдө мөөр басуу аземи ЕӨБдүн жылдык жыйынынын жана Ишкердик форумунун алкагында өттү.

Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов жана "Кыргыз почтасынын" өкүлдөрү катышты.

Бакыт Сыдыков банкты мааракеси менен куттуктап, Кыргызстан менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал бул өнөктөштүк мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде Николай Подгузов бул марканын чыгарылышы Кыргызстандын ЕӨБгө мүчө болгонунун 15 жылдыгына туш келгенинин символикалык маанисин белгиледи. Ал биргелешкен иштер мындан ары да Кыргызстандын жана бүткүл евразиялык мейкиндиктин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенерин айтты.