Кыргызстан ДССУнун борбордук координациялоочу ролун колдойт

Коом 28 сентябрь 2026 09:45
images (24).jpg
825278341_1492682369364134_1967039016647847966_n.jpg
Алдыга
Артка
images (24).jpg
825278341_1492682369364134_1967039016647847966_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана чара көрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын пленардык отурумунда катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгын белгилеп, глобалдык деңгээлде кабыл алынган милдеттенмелерден практикалык жана туруктуу чараларга өтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Дамир Осмонов Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун глобалдык саламаттык сактоо архитектурасын чыңдоодогу борбордук координациялоочу ролун колдой турганын ырастады.

Ал өлкөлөрдүн вакциналарга, диагностикалык каражаттарга жана дары-дармек каражаттарына адилеттүү жана өз убагында жетүүсүнө, ошондой эле технологияларды өткөрүп берүүгө жана улуттук өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.