Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кызматташууну чыңдайт

Коом 1439 03 Апрель 2026 10:05
659888792_964005526026816_24998357840558139_n.jpg
661426104_964005522693483_7977327446520803097_n.jpg
662245464_964005426026826_5797369136309332156_n.jpg
Алдыга
Артка
659888792_964005526026816_24998357840558139_n.jpg
661426104_964005522693483_7977327446520803097_n.jpg
662245464_964005426026826_5797369136309332156_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар өлкөнүн саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл саламаттык сактоону санариптештирүү, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, лабораториялык кызматты чыңдоо, антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана жооп кайтаруу системасын өркүндөтүү маселелерине бурулду.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Кыргызстандын 2024–2030-жылдарга карата өлкөлүк кызматташтык стратегиясынын ролу өзгөчө белгиленип, ал саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктары менен эл аралык техникалык колдоону шайкеш келтирүүнү камсыз кылган негизги инструмент катары айтылды.