Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. 3-сентябрда Рим шаарында Кыргызстандын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) алдындагы туруктуу өкүлү Эрмек Өмүралиев ДАТПтын аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Карл Скауга ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ДАТПтын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Анда мектептик тамактандыруу программасына, фермерлерди жана айылдык жамааттарды колдоого, туруктуу агроазык-түлүк системаларын өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого, социалдык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар ошондой эле ДАТПтын Кыргызстан үчүн жаңы Өлкөлүк стратегиялык программасын даярдоо маселесин жана мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Эрмек Өмүралиев Карл Скауга 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдыктар тууралуу маалымат берип, ДАТПты алдыдагы иш-чарага активдүү катышууга чакырды.
Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Карл Скау ДАТПтын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык маселелер боюнча кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.