Кыргызстан тышкы саясатта географиясын кеңейтүүдө – Сагынбек Абдумуталип

Саясат Загрузка... 18 Июнь 2026 18:20
4229223.eb8ca88ace6f3bcd46bcc5abdc611747.jpg

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык аренада дипломатиялык мамилелеринин географиясын жигердүү кеңейтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Албаниянын президенти Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта өлкөнүн тышкы саясатында жаңы багыттар өздөштүрүлүп, Африка жана Европа өлкөлөрү менен кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.

"Кыргызстан буга чейин Африкада өзүнүн алгачкы элчилигин ачкан, учурда экинчи дипломатиялык өкүлчүлүктү ачуу иштери жүрүп жатат. Европа өлкөлөрү менен мамилелер дагы активдешүүдө. Негизги артыкчылыктуу багыттар катары туризм, транспорт жана түз авиакаттамдарды жолго коюу аныкталды. Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарынын ачылышы биринчи кезекте кыргызстандык жаштар үчүн абдан маанилүү. Жакында эле Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" ийгиликтүү чыкты, бул түз каттамдарды ачууга жол ачат. Биздин максатыбыз жарандарыбыздын Европа өлкөлөрүнө түз учуусун камсыз кылуу болуп саналат", - деди Сагынбек Абдумуталип.