Кыргызстан БУУнун жол коопсуздугу боюнча глобалдык демилгелерин колдойт

Коом 273 01 Июль 2026 09:00
1654056c-c13f-42aa-922f-67c3fe5d64f1.jpg
df4dd5e1-d726-4462-9e98-4c55af9f9afb.jpg
a693bfc4-c324-4fb2-89e4-e228c0a03254.jpg
b022cded-5f2a-4612-97a5-a1eca922a043.jpg
b170aab4-423c-4c30-95b6-01a32cebd87e.jpg
Алдыга
Артка
1654056c-c13f-42aa-922f-67c3fe5d64f1.jpg
df4dd5e1-d726-4462-9e98-4c55af9f9afb.jpg
a693bfc4-c324-4fb2-89e4-e228c0a03254.jpg
b022cded-5f2a-4612-97a5-a1eca922a043.jpg
b170aab4-423c-4c30-95b6-01a32cebd87e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт баштаган делегация менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү да катышты.

Министр жол-транспорт кырсыктары өлкөдөгү эң олуттуу медициналык-социалдык маселе бойдон калып жатканын белгиледи. Жыл сайын миңдеген адамдар жабыркап, өзгөчө эки дөңгөлөктүү транспорт айдагандардын арасында жаракат алуунун өсүү тенденциясы байкалууда.

Жан Тодт жолдордогу өлүмдү азайтуу үчүн БУУнун глобалдык демилгелерин, анын ичинде жаңы муундагы жеткиликтүү мотошлемдерди колдонуу, ылдамдыкты чектөө жана мас абалында унаа айдоого каршы өнөктүктөрдү сунуштады.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 20-21-июлунда АКШда өтө турган БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча глобалдык конференциясына даярдык көрүү маселеси каралды. Министр Осмонов аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди.

Тараптар жолдордогу өлүмдөрдү жана жаракаттарды азайтуу, ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү жана улуттук программаларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.