Кыргызстан БУУнун Кагазсыз соода боюнча кеңешине төрага болду

Экономика Загрузка... 08 Июнь 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Бангкок шаарында Азия-Тынч океан аймагында чек ара аркылуу кагазсыз соода жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө БУУнун ЭСКАТОсунун Алкактык макулдашуусунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин бешинчи сессиясы өз ишин баштады.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Султан Ахматов катышууда.

Анда кеңештин жетекчилигин шайлоо өтүп, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан үчүнчү жолу катары менен Кагазсыз соода боюнча кеңештин төрагасы болуп шайланды. Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына Монголия дайындалды.

Белгилей кетсек, кеңеш ЭСКАТО ООнун Алкактык макулдашуусунун жогорку башкаруучу органы болуп саналат жана соода процесстерин санариптик трансформациялоону илгерилетүүдө, аймактык кызматташтыкты чыңдоодо жана соода документтерин чек ара аркылуу алмашуунун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Жыйында кыргыз делегациясы билдирүү жасап, өлкөнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана кагазсыз сооданын улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктерин сунуштады. Ошондой эле ачык-айкындуулукту жогорулатууга, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана тышкы соода операцияларын тездетүүгө багытталган реформаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Кагазсыз соода боюнча кеңештин төрагасы катары Кыргызстан мындан ары да аймактык санариптик күн тартибин өнүктүрүүгө, заманбап соода технологияларын илгерилетүүгө жана Азия-Тынч океан аймагынын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жигердүү салым кошууну улантмакчы.

Маалымат үчүн: Алкактык макулдашуунун мүчөлөрү болуп Азербайжан, Бангладеш, Иран, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Корея, Россия, Тажикстан, Тимор-Лешти, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Таиланд саналат.