Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетикалык билим берүүнүн борборуна айланат

Коом 23 Май 2026 11:15
1.jpg
2.jpg
3.jpg
703538626_974517221839920_7709805234703573164_n.jpg
703924453_974507378507571_8560662205510801557_n.jpg
703948041_974517181839924_2133686742873568217_n.jpg
703948399_974517058506603_3993371895159983350_n.jpg
704387034_974517128506596_5032894791679327503_n.jpg
705374524_974507645174211_2240739111447297727_n.jpg
705892307_974507705174205_4782379462650520740_n.jpg
706298169_974517205173255_8462560834196083116_n.jpg
706338331_974513471840295_1713741335539813211_n.jpg
706506327_974513461840296_7940016187874283701_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. 19-21-май күндөрү Татарстандын алдыңкы энергетикалык ишканаларынын делегациясы Кыргызстанга иш-сапары менен келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында министр Таалайбек Ибраев жана "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев конокторду Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы маанилүү энергообъекттер менен тааныштырды. Делегация 500 кВ "Кемин" көмөк чордонунда, Бишкек ЭТИнин өндүрүштүк аянтчаларында жана курулуп жаткан "Юнигрин" күн электр станциясында болду.

Сапардын башкы максаты Каракол шаарында чыңалуу алдында иштөөнү үйрөткөн заманбап окуу борборун жана окуу-машыгуу полигонун куруу долбоору менен таанышуу болду. Бул долбоор Таалайбек Ибраевдин демилгеси менен Татарстандын "Сетевая компания" АК ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашууда.

Окуу борбору ишке кирсе, Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги билим берүүчү борборго айланат. Мында Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген жаш адистер квалификациясын жогорулата алышат. Жергиликтүү кадрлардын кесипкөйлүүлүгү артып, өлкөнүн энергетика тармагы коопсуз жана заманбап деңгээлге көтөрүлөт.

Тараптар инфраструктураны модернизациялоо, автоматташтыруу жана кадрларды биргелешип окутуу маселелерин талкуулашып, бул сапар кыргыз-татар өнөктөштүгүн жаңы баскычка чыгарганын белгилешти.