Кыргызстан-Беларусь: Товар жүгүртүүнү жарым млрд долларга жеткирүү пландалууда

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-06-05 at 12.18.39.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү жарым миллиард долларга чейин жеткирүү максаты коюлду. Бул тууралуу Беларустун премьер-министри Александр Турчин кыргыз-беларусь бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, бул бийик көрсөткүчкө жетүү үчүн эки тарап тең өзгөчө күч-аракет жумшайт. Ал эми беларус жана кыргыз бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кол коюлган стратегиялык келишимдерге ылайык, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштү ишке киргизүү милдетин жигердүү аткаруусу шарт.

"Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөнү индустриялаштыруу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар соода-экономикалык мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. Беларусь Кыргызстанды узак мөөнөттүү кызматташуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн келечектүү аянтча катары карайт. Бул үчүн бизде саясий эрк, ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөштүк жана алдыдагы ондогон жылдар бою экономикалык байланыштарды чыңдоого өз ара милдеттенме бар.
Биздин өнөр жайдагы артыкчылыктарыбыз 2027-жана 2030-жылдарга чейинки эки Жол картасынын алкагында так белгиленген. Беларусь технологиясы Кыргызстанда көптөн бери талапка жооп берип келет. Бирок, бүгүнкү күндө жөнөкөй соодадан тышкары кооперативдик долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы келип чыгууда. Эң негизгиси, биргелешкен долбоорлор үчүн каржылык механизмдер түзүлдү. Беларустун Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда жеткиликтүү кредиттик ресурстарды пайдаланууга мүмкүндүк берген келишимге кол коюлду", — деди ал.

Ошондой эле Беларустун премьер-министри бул форумдун мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу менен алдыда жаңы стратегиялык өнөктөштүктөр түзүлөрүнө ишеним артты.