Кыргызстан балдарга универсалдуу жөлөк пул берген 29 өлкөнүн катарына кирди

Коом Загрузка... 02 Июнь 2026 10:55
cb2edd90-5562-4a38-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызстан мындан ары балдарга универсалдуу жөлөк пул берген дүйнөдөгү 29 өлкөнүн бирине айланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы жөнөкөй, бирок абдан маанилүү чындыкка негизделген: балдарга жасалган инвестиция — бул келечекке жасалган инвестиция.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан уникалдуу тарыхый учурда турат. Өлкө калкынын жарымынан көбү – 30 жашка чейинки жаштар. Бул күчтүү жумушчу күчүн, кубаттуу экономиканы жана күчтүү мамлекетти калыптандыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктү түзөт. Бирок бул потенциал балдар менен жаштар дени сак, билимдүү жана ийгиликке жетишүү үчүн зарыл болгон бардык көндүмдөргө ээ болгон учурда гана ишке ашат", - деди Самман Тапа адамдык капиталга инвестиция салуунун маанилүүлүгүн белгилеп.

Ал кошумчалагандай, бул инвестициялардын тез арада жумшалышы зарыл экени айдан ачык, анткени Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдардын дээрлик 40 пайызы дагы деле жакырчылыкта жашайт.

ЮНИСЕФ өкүлүнүн айтымында, "Бала ырысы" программасы өкмөт тарабынан каржыланган универсалдуу бала жөлөк пулу аркылуу социалдык коргоонун кулачын кеңейтүүдөгү алдыга ташталган чоң кадам болуп саналат. Бул демилге 3 жашка чейинки балдар арасындагы жакырчылыкты иш жүзүндө чейрекке (төрттөн бир бөлүгүнө) кыскартууга жардам берет, ошол эле учурда балдардын келечектеги өсүшүнүн, билим алуусунун жана өнүгүүсүнүн пайдубалын бекемдейт.