Кыргызстан Борбор Азияда экономикалык өсүш боюнча лидер бойдон калууда

Экономика 8 сентябрь 2026 17:50
Кыргызстан Борбор Азияда экономикалык өсүш боюнча лидер бойдон калууда
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азияда ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча лидерлигин сактоодо. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитиктери 2026-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн экономикасы кеминде 10% өсөт деп күтүшүүдө.

Банктын сентябрда жарыяланган макроэкономикалык баяндамасында Өзбекстан менен Тажикстандын экономикасы болжол менен 8%, Казакстандыкы 4-5% өсөрү болжолдонгон. Эксперттердин айтымында, бул көрсөткүчтөр Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуу экономикалык өсүш уланып жатканын жана аймактагы өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору экенин көрсөтөт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын январь-июль айларында 11,1% өскөн. Экономиканын өсүшүнө калктын керектөө суроо-талабынын жогорулашы, реалдуу эмгек акынын жана насыялоонун өсүшү таасир берүүдө. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун шартында инвестициялар 58,8% көбөйүп, өнөр жай, транспорт жана курулуш тармактарына кошумча түрткү берген.

"Экономика ички өсүш булактарына, биринчи кезекте инвестициялык жана керектөө активдүүлүгүнүн кеңейишине таянууда. ЕАӨБдүн аналитиктери Кыргызстан 2026-жылы аймактагы өсүш темпи боюнча лидерлигин сактайт деп эсептейт", – деп айтылат баяндамада.

Ошол эле учурда 2026-жылдын биринчи жарымында эмгек акы 15,3% өскөн. Калктын кирешесинин көбөйүшү керектөө суроо-талабын жогорулатып, бир жагынан экономикалык өсүшкө өбөлгө түзсө, экинчи жагынан инфляциянын өсүшүнө таасир берүүдө. Ушундан улам Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактап калды.

Белгиленгендей, бул аралыкта Кыргызстанда чекене соода дээрлик 15%, мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 9%дан ашык өскөн. Мындай өсүшкө эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көлдө өткөн суудагы "Формула-1" мелдешине катышуу үчүн келген чет өлкөлүктөрдүн санынын көбөйүшү да кошумча түрткү берген.

Экономиканын өсүшүнүн маанилүү факторлорунун бири инвестиция бойдон калууда. 2026-жылы өлкөдө инвестициялардын көлөмү 58,8% көбөйгөн. Буга аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программалар түрткү берүүдө.

2026-жылдын январь-июнь айларында Аймактарды өнүктүрүү фондунан 245 долбоор каржыланган. Ошондой эле "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы курулуш тармагынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп, бул тармакта өсүш 60,6% түзгөн.

Инвестициялар бюджеттик каражаттардын жана жеке капиталдын эсебинен тартылууда. 2026-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге, түз чет өлкөлүк инвестициялар 15,3 эсеге, банктардын насыялары 4,3 эсеге көбөйгөн.

Инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 19,6%ы транспорт, энергетика жана суу менен камсыздоо сыяктуу инфраструктуралык объектилерге туура келген.

Өнөр жай өндүрүшү январь-июль айларында 11,2% өскөн. Курулуш тармагындагы жогорку активдүүлүк аны менен байланышкан тармактардын өсүшүнө да таасир берген. Металл буюмдарын жана металл эмес минералдык продукцияларды, анын ичинде кирпич жана цемент өндүргөн ишканалардын өсүшкө салымы 7,3%, металл рудаларын казып алуу 1,4% түзгөн.

Ал эми 2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7,9 млрд долларды түзүп, 1,4% көбөйгөн.

ЕАӨБдүн баамында, Кыргызстандагы макроэкономикалык абал туруктуу жана оң динамика узак мөөнөттүү перспективага ээ.

Мунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири – республикалык бюджеттин профицити. 2026-жылдын январь-июнь айларында бюджеттин профицити ИДПга карата 6,1% деңгээлинде түзүлүп, мамлекеттик казынанын кирешеси 48,8% өскөн.

Баяндамада белгиленгендей, мындай өсүшкө салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптештирүү таасир берип, төлөмдөрдүн жыйналуусу 40%га көбөйгөн. Мындан тышкары, бажыдан түшкөн кирешелер дээрлик үч эсеге өскөн.

Ошентип, инфраструктуралык долбоорлорго, турак жай жана жол курууга, социалдык колдоого жана эмгек акыны жогорулатууга кеткен чыгымдарга карабастан, Кыргызстандын бюджети туруктуу жана профициттүү бойдон калууда.