Кыргызстанда алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирет

Экономика 8 сентябрь 2026 12:40
Кыргызстанда алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирет

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда балдын сапатын аныктап, эл аралык стандарттарга шайкештигин текшере турган заманбап бал аарычылык лабораториясы ишке кирет. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз балы дүйнөдөгү сапаттуу балдардын катарына кирет. Бирок, өлкөдө балдын сапатын заманбап талаптарга ылайык аныктай турган лаборатория жок болгондуктан, айрым өндүрүүчүлөр балдын сапатын текшерүүнү Алматыга жана Россияга жөнөтүп келишет.

“Бал өндүрүүчүлөрүбүз учурга чейин Алматыдан, Россиядан изилдөөлөрдү жасатып келишкен. Эми өзүбүздө балдын сапатын аныктап, эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториябыз болот”, – деди ал.

Ректордун белгилегендей, лабораториянын түзүлүшү менен жергиликтүү бал өндүрүүчүлөргө продукциясынын сапатын өлкө ичинде аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле университетте бал аарычылыкты өнүктүрүү максатында илимий борбор түзүү пландалууда. Аталган борбор илимпоздорго колдоо көрсөтүп, агрардык сектордогу илим, билим, инновация жана өндүрүштү бириктирүүгө багытталат.

“Негизги максатыбыз – өлкөдөгү агрардык секторго илимди, билимди, инновацияны жана өндүрүштү бириктирген бир чоң заманбап борборго айлантууга аракет кылуу”, – деди Тотубаева.