Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Жол айылында №1 мамлекеттик сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар, атайын техникалар текшерилет. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча унаа каражатынын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк (СБКТС) жана электрондук паспорт (ЭПТС) таризделет.
Жаңы лаборатория текшерүүнүн сапатын жогорулатууга жана жарандардын кезек күтүү убактысын кыскартууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча беш мамлекеттик сыноо лабораториясы ишке киргизилген. Учурда алардын баары жарандарды кабыл алууда.