КМТУда тиричилик химиясын изилдөөчү лаборатория ачылды

Коом 19 сентябрь 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-09-18 at 18.08.12.jpeg
IMG_3295.jpeg
IMG_3294.jpeg
IMG_3293.jpeg
IMG_3292.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-18 at 18.08.12.jpeg
IMG_3295.jpeg
IMG_3294.jpeg
IMG_3293.jpeg
IMG_3292.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 19.09.26 /Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кытайлык Greenleaf Technology Group компаниясы менен биргеликте тиричилик химиясын өндүрүү технологияларын изилдөөчү лаборатория ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лабораториянын ачылышына илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, Greenleaf Technology Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сюй Цзяньчэн жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Дуулат Сандыбаев катышты.

Жаңы лабораторияда тиричилик химиясын өндүрүүгө байланышкан изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаңы технологиялар иштелип чыгат. Ошондой эле студенттер теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары, КМТУ менен Greenleaf Technology Group компаниясы химиялык технологияларды өнүктүрүү, заманбап адистерди даярдоо жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүштө колдонуу боюнча кызматташат.