Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады. Айлык акынын өсүшү мамлекеттик кызматтагы кадр тартыштыгын азайтып, жаш адистерди тартууга шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бул өзгөрүүлөр өлкөнүн экономикасынын өсүшү, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү жана салыктык түшүүлөрдүн арбышы менен тыгыз байланышта.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалуулугу, кесиптик демилгеси жана ченемге салынбаган иш күнү үчүн төлөнүүчү үстөктөрдү 50 пайызга чейин көбөйтүү каралды. Муну менен катар, мамлекеттик органдардын айрым мекемелик жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди.
Ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт, социалдык коргоо жана илим тармактарындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылган. Анын алкагында 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм да белгиленген.

Айлык акынын өсүшү кадр тартыштыгын чечүүгө кандай таасир берет?
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы сентябрдан тарта 50 пайызга чейин жогорулады. Ошондой эле айрым мекемелик жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди.
Белгилей кетсек, эмгек акыны жогорулатууга байланыштуу 2026-жылга республикалык бюджетте 2 млрд 860 млн сомдон ашык каражат каралган.
Бул өзгөрүүлөрдүн мамлекеттик кызматтагы кадр саясатына тийгизген таасири тууралуу министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө республикада жалпысынан 23 миң 802 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Мамлекеттик-муниципалдык кызмат тогуз типке бөлүнөт. Анын ичинен 17 миң 802 мамлекеттик, 5 миңден ашык муниципалдык кызматкер эмгектенет. Үчүнчү типтен тогузунчу типке чейинки, башкача айтканда, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чейинки кызматкерлерге 1-сентябрдан тартып 15 миң сомдон президенттик компенсациялык төлөм каралган. Ал эми биринчи жана экинчи типтеги кызматкерлерге бул компенсациялык төлөм каралган эмес. Башкача айтканда, министрликтер менен агенттиктердин кызматкерлерине бул сумма кошулбайт. Бирок, алардын айлык маянасы 21 пайыздан 32 пайызга чейин көбөйөт. Ал эми тогузунчу типтеги эң төмөн айлык алган кызматкердин маянасы 74 пайызга чейин өсөт. Орто звенодогу адистердин айлыгын эсептеп көрсөк, буга чейин айыл өкмөтүндө 21-22 миң сом маяна алып келген кызматкерлер эми 43-45 миң сомго чейин айлык алышат. Мындан тышкары, техникалык персоналдарга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм кошулат”, - деди Өмүрзаков.
Анын айтымында, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине, министрликтердин жана административдик мекемелердин райондук башкармалыктарынын кызматкерлерине буга чейин 10 пайыздык үстөк төлөнүп келген. Эми алардын эмгек акысы 50 пайызга чейин жогорулап, буга кошумча президенттик компенсациялык төлөмдөр каралган.
Айлыкты көтөрүү — жаш кадрларды тартууга жол ачабы?
Мамлекеттик кызматтагы кадр тартыштыгынын негизги себептеринин бири катары эмгек акынын төмөндүгү айтылып келет. Өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тажрыйбалуу жана квалификациялуу адистерди кармап калуу маселеси учурда да актуалдуу бойдон калууда.
Тармак боюнча эксперт Айнура Балакунованын пикиринде, эмгек акынын жогорулашы бул маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Тиешелүү “КР бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлык кадр маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, айылдык аймактарда жана шаарларда чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Айлыктын аздыгынан билимдүү жаштарды тартууга мүмкүн болбой келген болсо, учурда жарлыктын негизинде жакшы шарттар түзүлүп жатат. Жарлыктагы мага өзгөчө жаккан нерсе — жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында иштөөгө мотивация жаралып жатат. Айлык акыны көбөйтүү менен жергиликтүү деңгээлде жаш адистерди тартууга мүмкүнчүлүк жаралат деп ойлойм”, - деди Балакунова.
Экономиканын өсүшү эмгек акыны жогорулатууга кандай шарт түзөт?
Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бир гана административдик чечим эмес. Мындай кадамдын артында мамлекеттик бюджеттин кирешеси, экономикалык өсүш жана бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүгө болгон мүмкүнчүлүк турат.
Расмий статистикага ылайык, 2026-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала эсеп боюнча 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга өскөн. ИДПнын өсүшүнө товар өндүрүүчү тармактар, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана таза салыктардын көбөйүшү негизги салым кошкон. Товар өндүрүү тармактары 19,9 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,1 пайызга, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,2 пайызга өскөн.

Бул көрсөткүчтөрдүн маанисине токтолсок, экономика өскөн сайын өндүрүш, соода, курулуш, кызмат көрсөтүү, туризм сыяктуу тармактарда ишмердик жанданып, мамлекетке түшкөн салыктардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Өз кезегинде бюджеттин кирешеси көбөйгөндө социалдык чыгымдарды, анын ичинде мамлекеттик сектордогу эмгек акыларды каржылоого мүмкүнчүлүк кеңейет.
Мындан тышкары, салыктык башкаруунун жакшырышы, көмүскө экономиканы кыскартуу жана ишкердик субъекттеринин ишмердигинин кеңейиши бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Кумтөр, ишкердик жана туризмдин салымы
Өлкөнүн бюджеттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө ири ишканалардан түшкөн кирешелердин да мааниси чоң. Алардын арасында Кумтөр алтын кени өзгөчө орунда турат. 2026-жыл боюнча бюджеттик маалыматтарда Кумтөр кен казуу ишканаларынын дүң кирешесине салынуучу салыктан түшүүлөрдүн көлөмү да олуттуу өскөнү көрсөтүлөт. Ошол эле учурда экономиканын туруктуу өсүшү бир гана тоо-кен тармагына көз каранды эмес. Өндүрүш, курулуш, соода, кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактардын кеңейиши мамлекеттин киреше булактарын көбөйтүүгө шарт түзөт.
Экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда экономиканын өсүшү, ички дүң продукциянын көбөйүшү жана салыктык кирешелердин арбышы бюджеттин киреше бөлүгүн кеңейтип, мугалимдердин, медицина жана социалдык тармактын кызматкерлеринин, ошондой эле бюджеттен каржыланган башка мекемелердин эмгек акысын жогорулатууга каржылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

"Өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарындагы жандануудан ишканалардын кирешеси, жумуш орундары жана калктын керектөөсү көбөйүп, салыктык база кеңейет, натыйжада бюджетке кошумча нарк салыгы, киреше жана пайда салыктары, бажы төлөмдөрү көбүрөк түшөт. Келтирилген маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылдагы болжол менен 8,3 миллиард доллардан 2025-жылы 22,6 миллиард доллардан ашып, 2025-жылдагы реалдуу экономикалык өсүш 11,1 пайызга жеткен.
Ушул эле мезгилде Салык кызматы чогулткан кирешелер 78 млрд сомдон 300 млрд сомдон ашкан деңгээлге чыгып, дээрлик төрт эсеге көбөйгөн, ал эми бажы жана салыктык эмес кирешелер да кыйла өскөн. Бул өзгөрүүлөргө экономикалык активдүүлүк менен катар салыктык башкаруунун санариптештирилиши, көмүскөдөгү ишмердиктин расмий секторго өтүшү жана Кумтөр сыяктуу ири ишканалардын салымы таасир эткен. Бюджеттин кирешеси көбөйгөн сайын мамлекет эмгек акы фондун жана башка социалдык чыгымдарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алат, ошондуктан 2025–2026-жылдары айлыктарды жогорулатуу боюнча чаралар, анын ичинде айрым категорияларга кошумча төлөмдөрдү киргизүү жана 2026-жылдын 1-апрелинен жана 1-сентябрынан тартып каралган көтөрүүлөр экономикалык өсүш жана бюджеттик түшүүлөрдүн көбөйүшү менен байланыштырылууда.
Ошол эле учурда бюджеттин кирешесинин өсүшү айлыктардын автоматтык түрдө жогорулашын билдирбейт: каражаттын канча бөлүгү эмгек акыга багытталары өкмөттүн бюджеттик саясатына, башка милдеттенмелерине жана чыгымдардын артыкчылыктарына жараша аныкталат”, - деди экономист.