Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек эркин экономикалык аймагында 14 жаңы өндүрүш ишканасы ишке берилет. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын Инвестиция тартуу башкармалыгынын башчысы Айжамал Акаева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жаңы ишканалардын арасында балет бут кийимдерин, зип-пакеттерди, курулуш материалдарын чыгарган ишканалар жана тигүү цехтери бар.
Ошондой эле желмаян чакан унаасын толук циклде чогултуучу ишкана ишке киргизилет.
"Бүгүнкү күндө дүйнөгө таанылган балет бут кийимдерин өндүрүү боюнча алдыңкы ишканалардын бири бизге келип, завод ачуу менен өндүргөн продукциясын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат", — деди ал.
Ошондой эле экспортко багытталган зип-пакеттерди өндүрүүчү жана тигүү ишканалары ачылып, курулуш материалдарын чыгаруу жолго коюлмакчы.
Акаева маалымдагандай, 14 ишкана ишке киргенден кийин 370тен ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт.
"Жалпы 14 ишкана ишке кирсе 370тен ашуун жумуш оруну түзүлөт. Ал эми ишканалардын толук жабдуулары келип, өндүрүш күч алганда жумуш орундарынын саны мындан да көбөйөт. Учурда эркин экономикалык аймакта жалпы 2 миңден ашуун жумуш орду бар", — деди ал.