Быйыл Ала-Букада 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлдү

Аймак
Быйыл Ала-Букада 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Ала-Бука районунда 2026-жылы 147 ишкана ачылып, 226 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго райондун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берилгенде белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2021-2026-жылдары райондо 51 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият үйлөрү жана спорттук объектилер бар.