Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Чүйдөгү №27 түзөтүү мекемесинде ширетүү цехи, эмерек жасоочу цех жана стационардык бетон түйүнү ишке кирди.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, жаңы өндүрүш жайлары "Келечек" мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана жеке ишкерлердин колдоосу менен уюштурулду.
Ачылыш аземине кызматтын төрагасы Чыңгыз Кожошев өндүрүштү өнүктүрүү соттолгондордун кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана эркиндикке чыккандан кийин өз алдынча жашоого даярдануусуна шарт түзөрүн белгиледи.
Учурда №27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү, үч тигүү, бир эмерек цехи жана бетон заводу иштейт. Өндүрүш иштерине тартылган соттолгондордун саны 500гө жакындады.