Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Сузак районунда өнөр жай тармагына 880 млн сом инвестиция салынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда маалымдалды.
Анда белгиленгендей, 70 жумуш орду бар гипсокартон чыгаруучу завод курулду.
Ошондой эле 225 млн сом инвестиция тартылып, мунайды кайра иштетүү ишканасын куруу долбоорлору ишке ашырылды. Мында 30 жумуш орду түзүлгөн.