Кыргызстан менен Өзбекстан транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Экономика Загрузка... 11 Февраль 2026 22:06
628694722_1216922027283208_3431405305875928442_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тараптар эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маалымат алмашты. Ошондой эле эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн учурдагы тоскоолдуктарды алып салуу белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагы аркылуу Пакистан мамлекетине жүк ташуу маселесин жана өзбек айдоочуларына виза алуу суроолорунун алкагында пикир алмашты.