Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 6 жылда мамлекет көп тармактуу өнүгүү жолуна түшүп, элдин аң-сезими өсүп, жарандардын билим алууга, эмгектенүүгө жана өз алдынча ишкерлик менен алектенүүгө болгон аракети күчөдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык оорукананын” терапевт-дарыгери Замира Жумакадырова оорукананын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү өнүгүү мамлекеттик мекемелер менен гана чектелбестен, жарандардын өз алдынча демилгеси, эмгеги жана жеке ишкерликке умтулуусу менен да коштолууда.
"Кыргызстанда медициналык иштерден тышкары, бардык багытта акыркы 6 жылдын ичинде жакшы иштер жүрүп жатат. Негизинен мамлекетибиз көп тараптуу өнүгүп жатат. Элибиз ак эмгеги менен иштегенге, билим алып, өзүн бир тармакта өнүктүргөнгө аракет кылып жатышат. Мамлекеттик кызматтарда, мамлекеттик клиникаларда же мамлекеттик мекемелерде иштебесе да, өздөрүнүн жеке иштерин уюштуруп, элге, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жардам берип, өздөрүнө дагы пайда таап жатышат. Негизинен мамлекетибиз көп тараптуу өнүгүп жатат", - деди Жумакадырова.
51 жылдан бери дарыгер кесибин аркалаган Замира Жумакадырова “Клиникалык оорукананын” тарыхын изилдегенин айтып өттү.
“Бүгүн 80 жылдыгы белгиленип жаткан “Клиникалык ооруканабыздын” тарыхы 1946-жылдан башталат. Алгач Фрунзе шаардык партиялык комитетинин кызматкерлери үчүн Баетов көчөсүндө төрт кызматкерден турган поликлиника катары түзүлгөн. Ал кезде терапевт, хирург, медайым жана кароолчудан турган төрт гана адис иштеген. Кийинчерээк поликлиника улам кеңейип, Медициналык институттун профессорлору жана академиктери партиялык кызматкерлерге, кийин Кыргызстан боюнча бейтаптарга кеңеш бере башташкан. Андан кийин диспансердик бөлүм ачылып, мекеме улам чоңоюп отуруп азыркы “Клиникалык ооруканага” айланган", - деди дарыгер.
Жумакадырованын айтымында, бүгүнкү күндө мекемеде дарыгер, медайым, орто медициналык жана техникалык кызматкерлерди кошкондо 700гө жакын адам эмгектенет. Ооруканада кабыл алуу, жандандыруу, терапия, кардиология, балдар жана башка бөлүмдөр иштейт. Мындан тышкары, калк үчүн акы төлөнүүчү стационардык жана поликлиникалык кызматтар көрсөтүлөт.
"Кыргызстандын бардык жарандары келип дарыгерлерге көрүнсө болот. Акы төлөнөт, бирок башка жеке клиникаларга салыштырмалуу кыйла арзан. Бардык тараптан медициналык изилдөө жүргүзүлүп, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондуктан бизге көнүп алып, жыл сайын келип көрүнүп, ден соолугун чыңдаган адамдар абдан көп. Акы төлөнүүчү поликлиникабыздын каттоосунан өтүп, паспорт менен медициналык карта ачып, каалаган адиске жазылып корүнө аласыздар. Бизде бардык диагностикалык бөлүмдөр иштейт, бардык аппаратуралар бар. Компьютердик томографиядан тартып, магниттик-резонанстык томографияга чейин иштейт", - деп кошумчалады ал.