Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Кыргызстан айыл чарба экономикасына аялдардын катышуусун күчөтүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 44-конференциясынын алкагындагы жалпы дебатта сүйлөп жатып билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын азык-түлүк тармагындагы учурдагы системалык мамилеси, ошондой эле жергиликтүү кайра иштетүүнү өнүктүрүү, агроазык-түлүк кластерлерин жана кошумча нарк чынжырларын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле Дүйшеев учурда өлкөдө фермерлер үчүн санариптик инструменттерди иштеп чыгуу, мектеп тамагын колдоо, үй-бүлөлөргө пайдалуу тамактануу практикасын киргизүү, айыл чарба экономикасына аялдардын катышуусун күчөтүү жана айыл жергесинде жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Маалымат үчүн: ФАО конференциясы - БУУ ФАОнун жогорку башкаруучу органы болуп саналат. Ал уюмдун саясатын аныктайт, бюджетин бекитет жана мүчө мамлекеттерге азык-түлүк жана айыл чарба маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат.