"Кыргызстан аэропорттору" туманга байланыштуу кайсы каттамдар токтотулганын тактады

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 21:00
IMG_4203.max-2560x1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кечеңдеп жана токтотулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан маалымдашты.

«Кабар» агенттигине компаниянын басма сөз кызматынан такташкандай, аба ырайынын шарттары аба майданынын ишин бир топ татаалдаштырган. Тактап айтканда, Алматы, Москва, Ташкент, Ош жана Астана багыттары боюнча келе турган жана уча турган каттамдар кечигүүдө.

Мындан тышкары, өлкө ичиндеги Каракол, Баткен, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле Москва, Анкара жана Шарджадан келе турган бир катар эл аралык каттамдар токтотулду.

Компаниядан кошумчалашкандай, калган багыттар боюнча маалыматтар такталууда.