Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөдө инвесторлор үчүн, анын ичинде бийик имараттарды куруу жаатында бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Анын айтымында, куруучулар үчүн башкы талап — бул толук экономикалык өз алдынчалык жана сейсмикалык коопсуздук нормаларын сактоо, анткени өлкө сейсмикалык активдүүлүгү 8 баллга чейинки аймакта жайгашкан.
"Азыр Кыргызстанда 100 метрден өйдө бийиктиктеги имараттар курулуп жатат. Эки жылдан бери байкоо жүргүзүп, анын негизинде андан ушундай жыйынтыкка келдик. Учурда кытайлык инвестордун 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы технологиялардын жана эсептөө программаларынын аркасында курулуштун алдын тыкыр текшерүү жүргүзүлөт. Курулуш башталганга чейин жаңы технологиялардын жана программалардын жардамы менен бардык эсептөөлөр кылдат текшерилет. Өлкөнүн мындай имараттарды курууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар жана Кыргызстан бул багытта башка мамлекеттерден артта калбашы керек", - деди министр.
Ошондой эле Орунтаев Кытайдын Үрүмчү шаарында 60-70 кабаттуу имараттар курулганын, ал жердеги сейсмикалык шарттар Кыргызстандыкына окшош экенин белгиледи. Тобокелдиктерди баалоодо жана эсептөөлөрдү жүргүзүүдө дал ушундай долбоорлор үлгү катары алынат.
Министрдин маалыматы боюнча, учурда республикада бийиктиги 27 кабаттуу имараттар бар, 35 кабатка чейинки объектилер курулуп жатат, эми 40 кабатка жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.
Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы инвесторлордун саны, ички да, тышкы да, көбөйгөнүн кошумчалады. Азыркы учурда алар үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок жана бардыгына бирдей шарттар түзүлүүдө.