Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Өлкөдө ички өндүрүштүн, инвестициялардын жана керектөө суроо-талаптын өсүшү менен камсыздалган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптери сакталып калууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов коллегиянын жыйынында билдирди.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышууда.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жалпысынан туруктуу жана интенсивдүү экономикалык өсүштүн сакталышын, ошондой эле 2024-жылы жетишилген жогорку темптердин кармалышын көрсөтүп турат.
"Экономиканын негизги секторлорундагы жогорку көрсөткүчтөр ички өндүрүштүн кеңейиши, инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен колдоого алынган керектөө суроо-талаптын көбөйүшү менен шартталган. Министрлер кабинетинин экономикалык жигердүүлүктү стимулдаштырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга багытталган системалуу иштери өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди", - деди ал.
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 976,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 111,1 пайызга жетти (2024-жылы - 111,5 пайыз).
Ошондой эле экономиканын бардык секторлорунда оң динамика байкалууда. Алсак, курулушта өндүрүштүн көлөмү 21,1 пайызга, тейлөө чөйрөсүндө — 10,9 пайызга, өнөр жайда — 10,7 пайызга, айыл чарбасында — 2,2 пайызга көбөйдү.
Калыптанган тенденциялардын натыйжасында, номиналдык ИДПнын структурасында товар өндүргөн тармактардын үлүшү 34,4 пайызды, ал эми тейлөө тармагынын үлүшү 51,2 пайызды түздү.