Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттерди аныктады. Бул тууралуу "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы 5 жыл ичинде “Кыргызнефтегаз” компаниясы 879 миң тонна чийки мунай өндүргөн. Болжол менен анын 30%ы ортомчу компанияларга сатылган. Жалпысынан 262 409 тонна мунайды ортомчу компаниялар мамлекетке караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” аркылуу кайра иштетип, бензин, солярка жана мазутка айландырып сатып, пайда көрүп келишкен.
Белгиленгендей, ортомчу компанияларга кеткен пайданы мамлекеттин эсебине алып калууга толук шарт болгон. Анткени “Кыргыз Петролеум Компани” заводу “Кыргызнефтегаз” ишканасынын алдындагы туунду компания болуп саналат.
Эгерде "Кыргызнефтегаз" өндүргөн 262 409 тонна мунайды ортомчуларга чийки түрүндө сатпай, "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда кайра иштетип, анан рынокко чыгарса, анда орто эсеп менен 262 409 тоннадан 3 млрд сомдон ашык киреше алмак. Бирок мунай чийки түрүндө ортомчуларга сатылып кеткендиктен, мамлекет 3 млрд сом кирешеден куру калган.

Бул схема ишке ашкан акыркы 5 жыл ичинде “Кыргыз Петролеум Компани” заводун Камчыбек Ташиевдин тууганы Байгазы Матисаков жетектеп турган. Ал эми мунайды Байгазы Матисаковго туугандык байланышы жарандардын компаниялары сатып алып турганы аныкталган.
Алар:
- "Кыргыз-Өзбек-Азербайжан ЖНПЗ" ЖЧКсы 5 жыл ичинде 83 миң тонна нефть сатып алган. Компаниянын директору Казыбек Ташиев, ал эми негиздөөчүсү Шайырбек Ташиев деп көрсөтүлгөн.
- "Регион Ойл" компаниясы 2021–2023-жылдары "Кыргызнефтегаздан" 466 млн сомдук мазут сатып алган. Анын бир бөлүгүн чет өлкөлүк Aroil Limited нефтетрейдерине сатып, мамлекеттик компания көрө турган пайданы өзүнө алган. “Регион Ойл” компаниясынын жетекчилигинде “Ата-Журт” партиясында бухгалтер болуп иштеген Назгүл Айдарова көрсөтүлгөн.
- "Мока Групп" компаниясы дизель отунун сатып алып, аны мамлекеттик тендерлер аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык мекемелерге сатканы белгилүү болгон. Компанияны негиздөөчүлөрдүн арасында Тай-Мурас Ташиев бар. Юстиция министрлигинин архивдик маалыматтарына ылайык, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин компаниянын негиздөөчүсү Камчыбек Ташиев болгон.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, мазут жана дизелди мамлекеттик мекемелердин ордуна жеке фирмалар сатканы боюнча мамлекетке келтирилген зыян эсептелүүдө. Азырынча "Регион Ойл" компаниясы 466 млн сомдук мазутту “Кыргызнефтегаз” ААК ордуна чет өлкөлүк Aroil Limited нефтетрейдерине жана башкаларга сатканы такталган.
- 20 миң тонна "жоголду" деп көрсөтүлгөн мунай болжол менен 560 млн сомдук чыгымды түзөт;
- ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд 148 млн 908 миң сом кирешеден куру калган.
- Жалпы эсептегенде мамлекетке келтирилген мүмкүн болгон зыян 4 млрд 175 млн 680 миң сомго жетет.
"Салык кызматы текшерүүлөрдү улантып жатат, акыркы жыйынтык расмий түрдө жарыяланат",-деп айтылат маалыматта.