Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды

Коом 4 ноябрь 2025 15:58
Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды
copyright icon УКМК

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. "Кыргызмунайзаттын" Беловодск мунай базасы мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2004-жылы Москва районунун Петровка айылында имараттары жана курулмалары (сыйымдуулугу 36 миң 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар) бар 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасынын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Тергөө иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска кайтарылды.