"Кыргызфармация" заманбап фармацевтикалык логистикалык комплекс курат

Коом 02 Июнь 2026 11:45
WhatsApp_Image_2026_O9dGnIQ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
713305793_8761.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
711775910_8761.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
712805452_8761.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы эл аралык жакшы дистрибьютордук практика стандарттарына жооп берген өзүнүн фармацевтикалык логистикалык комплексин куруу боюнча долбоорду даярдоого киришти.

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда адистер техникалык тапшырманы иштеп чыгып, алдын ала эскиздик долбоорду даярдашты жана жер тилкесинин чек араларын алгачкы ирет аныкташты.

Белгиленгендей, мыйзамда каралган жер категориясын өзгөртүү жол-жобосу аяктагандан кийин, долбоорлоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин кийинки этаптарына өтүү пландалууда.

Ошондой эле объектте кампадагы запастарды башкаруунун заманбап системаларын киргизүү каралган.

"Жаңы логистикалык комплекстин ишке кириши дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды талаптагыдай шартта сактоого, анын ичинде зарыл болгон температуралык режимдерди толук камсыздоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.