Бишкекте ГУМдун айланасында жолдор асфальтталууда

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 12:35

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте ГУМдун жанында Чүй проспектинде жол асфальтталууда.

Жолду оңдоо иштерин 5-6-декабрда бүтүп, унаа каттамын ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, шаардын борборундагы негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири — Old Bishkek комплексинин курулушу да уланууда. Октябрь айынын аягына карата жумуштун болжол менен 80%ы бүткөрүлгөн.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоорду шаар тургундары чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал курулуштун технологиялык жана коопсуздук стандарттарына ылайык ыкчам жүрүп жатканын белгилеп, максат — ишти убагында бүтүрүп, борборго заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз мейкиндик тартуулоо экенин билдирди.