“Кыргызалтындын” дүкөнүнүн кирешеси 855 млн сомдон ашты

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. “Кыргызалтындын” сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн кирешеси жыл жыйынтыгы менен 855 млн сомдон ашты. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов билдирди.

Ал белгилегендей, бул алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экенин көрсөтүүдө.

Буга чейин президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде, 2024-жылдын август айында чендик алтын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилген.

Бир жылга жетпеген убакыт ичинде долбоор жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп, заманбап өндүрүштүк жабдууларга жумшалган 320 млн сом көлөмүндөгү инвестицияны толугу менен актаганы айтылды.