“Кыргызстан аэропортторунун” 9 айынын таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү

Министрлер кабинети 7 октябрь 2026 15:25
“Кыргызстан аэропортторунун” 9 айынын таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. “Кыргызстан аэропортторунун” тогуз айынын таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү.

Бул тууралуу минкаб башчысы Адылбек Касымалиев жарандык авиациянын 93 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

"Статистикалык маалыматтар боюнча, “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын 2026-жылдын тогуз айынын алдын ала жыйынтыгы боюнча консолидацияланган таза кирешеси 4,2 миллиард сомду түздү. Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 миллиард сомдон ашык инвестицияланды", — деди ал.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.