"Кыргызалтын" АКШнын компаниялары менен кызматташат

Коом 684 03 Февраль 2026 14:53
624687881_1523266386471407_1495923253627537969_n.jpg
624061037_1523265336471512_8792720815341270108_n.jpg
624671526_1523264266471619_8923570009576500041_n.jpg
625074032_1523265169804862_3654255953867769175_n.jpg
625955018_1523265016471544_2110910640223390400_n.jpg
626453766_1523267393137973_7462662407870745502_n.jpg
626515380_1523267003138012_9014733344025049895_n.jpg
627143108_1523267389804640_3432426897378066015_n.jpg
Алдыга
Артка
624687881_1523266386471407_1495923253627537969_n.jpg
624061037_1523265336471512_8792720815341270108_n.jpg
624671526_1523264266471619_8923570009576500041_n.jpg
625074032_1523265169804862_3654255953867769175_n.jpg
625955018_1523265016471544_2110910640223390400_n.jpg
626453766_1523267393137973_7462662407870745502_n.jpg
626515380_1523267003138012_9014733344025049895_n.jpg
627143108_1523267389804640_3432426897378066015_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызалтын" ААК

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Күн мурун "Кыргызалтын" ААКта америкалык Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment, Nasdaq компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ишканадан билдиришкендей, жолугушууда тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн келечегин, заманбап технологияларды киргизүүнү, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана Европа биримдигинин талаптарына ылайык ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы технологиялар менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тоо-кен ишмердүүлүгү боюнча адистерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, туруктуу өнөр жай экосистемасын түзүү жана куруу маселелери каралды.

Жыйынтыгында "Кыргызалтын" ААК менен Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

Маалымат үчүн: Пангея (Pangea Global) - Евразияда энергетикалык трансформацияны жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алууну стимулдаштыруу үчүн энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу, келечектүү, геологиялык, гидрологиялык технологиялык жетишкендиктерди киргизүү менен алектенген америкалык компания.

Муни групп (Mooney Group) - тоо-кен, мунайды кайра иштетүү жана кайра иштетүү тармактарында вертикалдуу интеграцияга басым жасоо менен, эң маанилүү минералдар жана стратегиялык металлдар жаатында инвестициялоого жана консалтингге адистешкен компания.

Тэтис Гэйтуэй Инвестмент (TETHYS Gateway Investment) - Түркия жана Борбор Азиядагы эң маанилүү пайдалуу кендер, инфратүзүм жана энергетика тармагындагы долбоорлорго жана "Ортоңку коридордун" логистикасына адистешкен Люксембургдук стратегиялык инвестициялык платформа. Ал жеке капиталга багытталган.

Nasdaq - дүйнө жүзү боюнча капитал рынокторунун инфратүзүмүн, маалыматтарды, технологияларды жана финансылык кызматтарды көрсөтүүчү америкалык фондулук биржа жана технологиялык компания.