Кыргыз жазуучуларынын китептери түрк тилинде жарык көрдү

Маданият Загрузка... 23 Декабрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-12-23 at 06.46.44.jpeg

Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Кыргыз жазуучулары Мамат Сабыров, Мусакун Сатыбалдиев жана Аким Кожоевдун проза жыйнактары Анкарада түрк тилинде жарыкка чыкты. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, аталган китептер ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен чыгарылды. Жакынкы күндөрү Улуттук китепканада алардын таанытымы өтөт.