Кыргыз улуттук университетине 3-даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды

Коом 794 25 Октябрь 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.55.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.10.25 /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин жамаатын бул маанилүү маараке менен куттуктап, улуттук университетке 3-даражадагы "Манас" орденин тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бул мамлекеттик сыйлык университеттин билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон.

100 жылдык маараке — университеттин кылымдык тарыхын, агартуучулар менен илимпоздордун эмгегин, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтерин жана өлкөнүн коомдук турмушуна кошкон салымын белгилөө. Юбилейлик иш-чаранын алкагында эл аралык форум, илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр жана салтанаттуу ачылыштар, жыйындар өткөрүлүп, ага Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, окумуштуулар жана эл аралык академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.