Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору кызматынан убактылуу четтетилди

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 18:31
577060796_1157319666559788_1968079389176055903_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Нурбек Талантбек уулу кызматынан убактылуу бошотулду.

Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча министрлик кошумча маалымат берет.