"Кыргыз туусу" басма үйү түзүлүп, ага бир катар гезит-журналдар бириктирилди

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 12:12
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Кыргыз туусу" басма үйү түзүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, учурда президенттин жарлыгына ылайык, мамлекеттик басма сөз каражаттарын реформалоо иштери жүрүп жатат.

"Мурда өз-өзүнчө иш алып барган "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттери, ошондой эле "Байчечекей", "Кырчын", "Жеткинчек" журналдары бар эле. Анын ичинде "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттери чарбалык эсеп негизинде иштеп келген. Бүгүн биз принципиалдуу чечим кабыл алдык. "Кырчын" жана "Жеткинчек" журналдары жоюлду.
"Кыргыз туусу" басма үйү түзүлдү. Бул басма үйүнө "Кыргыз туусу" гезити, "Слово Кыргызстана" гезити, жаңы түзүлгөн "Ала Тоо" адабий журналы, "Байчечекей" балдар журналы киргизилди.
Бул басылмалардын баары мамлекеттик камсыздоого өткөрүлдү. Буга чейин бул гезиттер өз айлыгын өздөрү таап келген. Эми алардын кызматкерлеринин эмгек акысы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт жана атайын эсебине түшкөн каражаттан калем акылар кошумча төлөнүп турат", - деди ал.

Тагаев белгилегендей, эгер мурда ар бир басылманын өзүнчө директору, башкы бухгалтер, бухгалтериясы, системалык администратору, администратору, менеджерлери жана жарнама менеджерлери болсо, эми бул функциялар бириктирилет. Мындан ары бир гана басма үйү, бирдиктүү жетекчилик жана жалпы административдик-башкаруу аппараты болот.

"Бул мазмунду кыскартуу же улуттук басылмалардан баш тартуу эмес. Бул тартип орнотуу, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу. Үнөмдөлгөн ресурстарды биз мазмунду өнүктүрүүгө, материалдардын сапатын жогорулатууга жана басылмаларды модернизациялоого багыттайбыз. Биздин максат мамлекеттик басма сөз каражаттарын сактап калуу, аларды туруктуу, заманбап жана коомго чындап керек болгон деңгээлге чыгаруу", - деди Марат Тагаев.