Кыргыз-түрк маданий байланышы: Мугалимдер улуттук оюндарды жайылтууну үйрөнүүдө

Коом 420 02 Март 2026 12:58
645781203_1368322338674840_5124091162416591205_n.jpg
645905572_1368322415341499_6997133228317303972_n.jpg
646058415_1368322438674830_3885944145707529982_n.jpg
645894445_1368322395341501_8385947205238497976_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндары” фестивалынын алкагында мугалимдерди окутуу башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, иш-чара салттуу балдар оюндарын жайылтуу, түрк мамлекеттеринин балдарынын маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле балдар оюндары боюнча бирдиктүү архив түзүү максатында уюштурулууда.

Окутууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жана Түркиядан келген адистер катышууда.

Программанын алкагында Түркиядан 4, Кыргызстандан 4 улуттук балдар оюну тааныштырылып, аларды түрк мамлекеттеринин арасында жайылтуу боюнча усулдук иштер жүргүзүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандан 30 мугалим жана тарбиячы катышууда, ал 3 күнгө созулат.