Кыргыз театры Франциядагы "Avignon Off 2026" фестивалынын көңүл борборунда

Маданият Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 11:20
747903090_1000625299629551_2787477456084565946_n.jpg
747718440_1314459727344078_2294253372872108358_n.jpg
747832592_998522176146201_7668830729750510434_n.jpg
748216148_1552305873069248_6250063001980914367_n.jpg
748419132_887842507205608_1857662169578405905_n.jpg
749329780_1348640163547665_5318614732926787648_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан дүйнөдөгү эң ири көз карандысыз театр фестивалдарынын бири – "Avignon Off 2026" иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын маданий кечеси ийгиликтүү өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, "Борбор Азия күндөрү: Кыргызстан" программасынын алкагында уюштурулган кечеде конокторго ата-мекендик театр өнөрүн чагылдырган видео, улуттук сүрөт көргөзмөсү, улуттук тамак-аштар жана атайын музыкалык программа тартууланды.

"Иш-чарага Франциянын ТИМ өкүлдөрү, Кытайдын Франциядагы консулдугунун өкүлдөрү, Авиньон шаарынын муниципалдык кеңешчиси жана эл аралык театр адистери катышып, кыргыз маданиятына жогорку баа беришти", - деп айтылат маалыматта.

Бул маданий кече фестивалга катышып жаткан мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын чыгармачылык программасынын алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, кыргыз театры аталган фестивалда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган "Бугу Эне" спектаклин көрүүчүлөргө сунуштайт. Спектаклдин премьерасы бүгүн, 16-июлда өтүп, көрсөтүүлөр 25-июлга чейин уланмакчы.