Кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация иштери чек аранын бекемделип жатканын билдирет – Аалы Карашев

Пикир Загрузка... 29 Апрель 2025 17:15
WhatsApp Image 2025-04-29 at 17.15.09.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери чек аранын бекемделип жатканын билдирет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселесине чекит коюлганы өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатат.

“Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери көйгөйлүү маселе болгон чек ара маселесине чекит коюлду. Буга чейин баарыбызга белгилүү болгондой чек арада талаш-тартыштар, чыр-чатактар орун алып келген. Мамлекеттер ортосундагы келишимдердин ишке ашырылышы боюнча белгиленген тартиптер бар. Биринчиден, чек араны аныктап, тактап, чек ара сызыктары чийилди. Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери март айында Бишкекте документке кол койду. Мына ошонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды. Эми бүгүнтөн тартып чек арага казык кагылып, зым тартыла баштады. Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын такталышы абдан жакшы көрүнүш. Бул Кыргызстандын чек арасынын бекемделип жаткандыгын билдирет. Экинчиден, коңшу мамлекет болуп саналган Тажикстан менен жанаша жашап, экономикалык кызматташтыктан баштап ар кыл тармактарда алакаларыбыз бар. Мындан ары да соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Чек ара такталгандан кийин көзөмөл-өткөрүү пункттары ачылып, элдин карым-катышы кайрадан жанданды. Бул дагы ынтымак, биримдик жана достук мамилеге өбөлгө түзүп жатат деп эсептейм”, - деп айтты Аалы Карашев.

Белгилей кетсек, бүгүн Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Демаркациянын биринчи этабында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 420 чакырым аралыкка зым тартылат. Бул иштерди жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.