“Кыргыз тарыхы” аттуу көп томдук басылманын түзүмү талкууланды

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте “Кыргыз тарыхы” аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык эмгекти даярдоо боюнча ири илимий долбоорду ишке ашырууга арналган кезектеги жыйын болуп өттү.

Иш-чара мамлекеттик катчы, президенттин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өткөрүлдү.

Жыйынга жогоруда аталган комиссиянын мүчөлөрү, өлкөнүн алдыңкы тарыхчы-окумуштуулары, Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, илимий-билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана көп томдукту даярдоого тартылган автордук жамааттар катышты.

Жыйындын негизги маселеси катары басылманын алгачкы жети томунун түзүмү жана концептуалдык мазмуну кеңири талкууланды. Катышуучулар кыргыз элинин тарыхын мезгилдештирүү маселелерин, айрым томдордун тематикалык түзүмүн өркүндөтүү жолдорун, тарыхый булактардын базасын кеңейтүүнү, ошондой эле көп томдуктун бөлүмдөрүнүн ортосундагы мазмундук жана логикалык байланышты камсыздоо маселелерин карашты.

Талкуунун жүрүшүндө улуттук тарыхтын бир катар актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу жана принципиалдуу илимий пикир алышуу орун алды. Катышуучулар тарыхый процесстерди изилдөөнүн заманбап ыкмалары, айрым тарыхый окуяларды чечмелөө маселелери жана жазма, археологиялык, этнографиялык жана башка булактарды комплекстүү пайдалануунун зарылдыгы тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Айтылган сунуштар жана сын-пикирлер томдордун түзүмүн жана мазмунун мындан ары өркүндөтүүдө эске алынат.

Жыйынды ачып жатып, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Кыргыз тарыхы” көп томдугун даярдоо заманбап тарых илиминин жетишкендиктерине, объективдүү илимий изилдөөлөргө жана кеңири булактык материалдарга негизделген фундаменталдуу академиялык эмгекти жаратууга багытталган мамлекеттик жана илимий маанидеги өзгөчө маанилүү милдет экендигин белгиледи.

Илимий экспертизанын сапатын жогорулатуу, автордук жамааттардын ишин координациялоо жана томдорду даярдоодо бирдиктүү методологиялык принциптерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Келечектеги көп томдук эмгек кыргыз тарых илиминин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, элдин тарыхый эс-тутумун сактоого жана жарандарда кыргыздардын көп кылымдык тарыхы жөнүндө туура түшүнүктү калыптандырууга өбөлгө түзүшү керектиги белгиленди.

Талкуунун жыйынтыгында алгачкы жети томдун түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, долбоор боюнча мындан аркы иштердин негизги багыттары аныкталды. “Кыргыз тарыхы” аттуу 16 томдук академиялык басылманы даярдоо иштери бекитилген планга ылайык ата мекендик окумуштуулардын жана адистердин кеңири катышуусу менен улантылат.

Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн илимий потенциалын чыңдоо жана Кыргызстан элинин улуттук тарых мектебин өнүктүрүү боюнча эң маанилүү кадамдардын бири катары каралууда.