Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жарандарга майрам жана дем алыш күндөрүндөгү бөлүмдөрдүн иш графигин бекитти.
Мекемеден билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнү майрам күн болуп саналат. Ал эми министрлер кабинетинин токтомунда 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү катары белгиленген.
- 31-август — Мамлекеттик борбордун бардык бөлүмдөрү иштебейт;
- 1-сентябрь — Мамлекеттик борбордун аймактык бөлүмдөрү штаттык режимде иштейт.
Ал эми Бишкек шаарында ШКУнун саммитине байланыштуу өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу төмөнкү бөлүмдөр иштебейт:
- Аламүдүн бөлүмү;
- "Биримдик" бөлүмү;
- Чыгыш бөлүмү;
- "Аю Гранд" соода борборунда жайгашкан шаардык бөлүм.
Ал эми "РИОМ" унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүм штаттык режимде ишин улантат. Дареги: Чүй облусу, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 211.