Ташкент, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын "Алайку Органикс" компаниясы Өзбекстан менен 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө экспорттук келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Соода өкүлчүлүгү тарабынан компаниянын продукциясын Өзбекстан рыногуна чыгаруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлгөн. Анын алкагында Өзбекстанда юридикалык жардам көрсөтүлүп, жергиликтүү рынокко талдоо жүргүзүлгөн, кампалык жайларды издөө иштери аткарылган.
Мындан тышкары, Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандагы бир катар ири супермаркет тармактары менен жолугушууларды уюштуруп, ата мекендик продукцияны жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.
"Бул келишим кыргыз продукциясынын Өзбекстан рыногундагы катышуусун кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.