Кыргыз-монгол кызматташтыгынын жаңы барагы: Элчи ишеним грамотасын тапшырды

Саясат Загрузка... 13 Март 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Күн мурун Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын тышкы иштер министринин орун басары Гомбосурэн Амартувшинге ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу учурунда Айбек Молдогазиев кыргыз-монгол кызматташтыгын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү жигердештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Монголиянын тышкы иштер министринин орун басары элчини бул жооптуу дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага келечектеги иштеринде ийгилик каалап, Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулап, кыргыз-монгол мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыкташты.