Кыргыз-ливан мамилелери: Соода жана гуманитардык байланыштар кеңейтилет

Саясат Загрузка... 25 Февраль 2026 11:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ливандын тышкы иштер жана эмигранттар боюнча министри Юсеф Раджинин жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында орун алды.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, саясий диалогду тереңдетүү жана экономикалык, соода жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык структураларда, биринчи кезекте БУУ жана Ислам кызматташтык уюму алкагында өз ара аракеттешүүнү талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн активдүү диалогду улантууга ниеттенишкенин ырасташты.