Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Коом 10 февраль 2026 15:33
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
  • "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:

  • "Эркечтам" пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;
  • "Торугарт" пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.