Кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

Саясат Загрузка... 11 Февраль 2026 14:40
631867322_1323313299832177_7320460913157073842_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маектин жүрүшүндө алар кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты.

Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле виза саясаты жаатында диалогду өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар үзгүлтүксүз байланыштарды сактоого өз ара кызыкдар экендигин билдирип, эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин ырасташты.