Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, чек араны убактылуу жабуу "Дуаньу" (Ажыдаар кайыктарынын майрамы) майрамын белгилөөгө байланыштуу Кытай тарабынан демилгеленген.
Чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү төмөнкүдөй тартипте убактылуу токтотулат:
- "Эркечтам — автожол" өткөрүү пункту: 18-июнь күнү саат 22:00дөн баштап ишин убактылуу токтотот. Каттамдарды кайра жандандыруу 2026-жылдын 20-июнунда саат 08:00дө башталат.
- "Торугарт — автожол" өткөрүү пункту: 19-июнь күнү толугу менен жабылат. Өткөрүү иштери 20-июнда саат 08:00дөн тарта калыбына келтирилет.
"Мамлекеттик чек ара кызматы чек арадан өтүүнү пландап жаткан жарандарды жана жүк ташуучуларды бул убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.